• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калды. Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 13 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3133 учур катталды, алардын ичинен 2471 медкызматкер айыкты.

Белгилей кетсек, 31-августка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлардын жалпы саны 43 миң 898ди түзөт. Алардын ичинен 38 миң 459 киши айыкты.

Пикир

Оставить комментарий