• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 4, Жалал-Абадда 3, Ысык-Көлдө 5, Нарында 1 жана Баткен облусунда 7 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 33 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 829 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 853 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 37 миң 129га жетти. Илдеттен жалпы 27 миң 927 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1420ны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий