• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды . Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2, Ош шаарында 4, Ош облусунда 5, Жалал-Абадда 7, жана Баткен облусунда 2 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 874 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 934 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 5-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 38 миң 110го жетти. Илдеттен жалпы 29 миң 510 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1438ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий