• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 20 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында бир, Чүй облусунда 10, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 6, Ысык-Көл облусунда бир, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 68 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 711 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 595 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 34 миң 512ге жетти. Илдеттен жалпы 23 миң 343 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 347ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий