• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 21 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 21 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 7, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Чүй облусунда 9, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, 26-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4204 учур катталды. Алардын ичинен 669у медицина кызматкери. Илдеттен 2162 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий