• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 4, Нарын облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 48 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен жалпы 21 миң 205 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1301ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий