• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 5 жана Ош облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылды. "Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2372 учур катталды. Алардын ичинен 460ы медицина кызматкери. Илдеттен 1813 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий