• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында,Бишкекте 2, Ош шаарында 4, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 6, Талас облусунда 1 жана Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 35 миң 805ге жетти. Илдеттен жалпы 25 миң 526 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1378ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий