• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды . Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 2, Ош шаарында 8, Ош облусунда 3, Жалал-Абадда 4, Ысык-Көлдө 5 жана Чүй облусунда 3 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 36 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 854 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 894 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 37 миң 541ге жетти. Илдеттен жалпы 28 миң 743 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1427ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий