• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 5, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 2, Талас облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 629 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий