• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда бир медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3188 учур катталды, алардын ичинен 2760 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 18-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 91 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 224тү түзөт. Алардын ичинен 41 миң 415 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий