• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаарында бир, Ош шаарында бир жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 8 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3038 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 352 медкызматкер айыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 146ны түзөт. Алардын ичинен 34 миң 885 киши айыгып чыкты, 1 миң 498 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий