• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 305 миңден ашуун погондук метр унаа жолу дезинфекцияланды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июль күнү өлкө боюнча 135 188 м² имараттардын ичи сырты, 305 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 105 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 84 000м² аянт жер жана 39 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 545 литр хлор колдонулду;

Нарын облусунда 71 110 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланды;

Талас облусунда 37 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 480кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 10 153 м² ичи сырты жана 106 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып 450 хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 20 600м² имараттын ичи сырты жана 6 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

Баткен облусунда 8 450 м² ичи сырты жана 46 490 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 124 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 8 960 м² имараттын ичи сырты дезинфекцияланып, 8 литр суюк хлор колдонулду.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий