• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калды.

Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3149 учур катталды, алардын ичинен 2550 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда 5-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 316ны түзөт. Алардын ичинен 39 миң 648 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий