• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3114 учур катталды, алардын ичинен 2390 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 358ди түзөт. Алардын ичинен 37 миң 217 киши айыгып чыкты, 1 миң 58 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий