• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде 18 медкызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

“Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 921 учур катталды, алардын ичинен 464 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 6261ди түздү. Алардын ичинен 2530 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий