• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 53 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 53 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, 53 учурдун ичинен дарыгерлердин арасында 22 учур катталды.

“Ал эми бир суткада 74 медициналык кызматкер ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 580 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 234 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-иблга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 31 миң 247ге жетти. Илдеттен жалпы 18 миң 38 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1221ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий