• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада 1 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен айыгып чыгарылгандар жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3092 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 23тү түзөт. Алардын ичинен 36 миң 397 киши айыгып чыкты, 1 миң 56 адам каза болду

Пикир

Оставить комментарий