• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.09.20./Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ана ылайык, Бишкекте 2, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 3 медик ооруп калды.
"Ал эми бир суткада ооруканалардан 2 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 234 учур катталды, алардын ичинен 2 937 медкызматкер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 26-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 158 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 90ду түзөт. Алардын ичинен 42 миң 302 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий