• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 70 медкызматкерде COVID-19 вирусу аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 70 медкызматкерде COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 25, Чүй облусунда 19, Ош шаарында 18, Ош облусунда 1, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2269 учур катталды, алардын ичинен 600 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 25 миң 47ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий