• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө боюнча 79 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 79 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 20, Чүй облусунда 34, Ош шаарында 8, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1529 учур катталды, алардын ичинен 546 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 9910го жетти. Алардын ичинен 1529у медицина кызматкери. Илдеттен 3236 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 125 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий