• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 8 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 8 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2 жана Чүй облусунда 4 медик ооруну жуктуруп алган.

“Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 26 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 967 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 212 медкызматкер айыкты”, - деп кошумчалады Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-августка карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 40 миң 455ке жетти. Илдеттен жалпы 32 миң 764 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1 миң 478ди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий