• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 83 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 83 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 20, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 22, Ош облусунда 12, Нарын облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 8, Баткен облусунда 5 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1370 учур катталды, алардын ичинен 532 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус жуктурган 361 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8847ни түзөт. Алардын ичинен 3053 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуккан 116 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий