• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 7 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3110 учур катталды, алардын ичинен 2387 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп белгиледи министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 245ти түзөт. Алардын ичинен 36 миң 925 киши айыгып чыкты, 1 миң 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий