• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 6 медик ооруп калган.

“Ал эми бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3101 учур катталды, алардын ичинен 2385 медкызматкер айыгып чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 126ны түзөт. Алардын ичинен 36 миң 615 киши айыгып чыкты, 1 миң 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий