• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 96 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 96 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 42, Чүй облусунда 18, Ош шаарында 7, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 9 жана Талас облусунда 6 медкызматкер илдет жуктурду.

“Ал эми бир суткада 7 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2076 учур катталды, алардын ичинен 583 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын ичинен 2076сы медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5632 (үй изоляциясынан 1897) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 167 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий