• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча бир медик коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча бир медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. "Ал эми бир суткада ооруканалардан 4 жана үй карантининен 12 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 159 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 616 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 9-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 613тү түзөт. Алардын ичинен 40 миң 336 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий