• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында турак үйдүн 30 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районунун Жандама айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 98 чарчы метр чатыры, 0,5 тонна тезек жана 0,5 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Коңурат айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 64 чарчы метр чатыры жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий