• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде республикада 11 өрт кырсыгы катталган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Бир сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринде кийим кече, килем жана жылыткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Боорду айылында ачык аянта Ауди-100 үлгүсүндөгү жеңил унаасы толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Алтын-Ордо-2 конушунда турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган от жагуучу бөлмөсүнүн 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кум-Арык айылында турак үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 30 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Ош-Бишкек унаа жолунун 562-чакырымында (Топурак-Бел тилкеси) DAF-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын кабинасы толук күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Пикир

Оставить комментарий