• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жол жээкте аянты 1 гектар камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл аймагынын Питомник участкасында “Хонда CRV” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Талас облусунун Талас районундагы Орто-Арык айылында Токойдо 1000 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 10 чарчы метр чатыры, 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарындагы Раззаков көчөсүндө унаа жуучу жайда электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска тутташуусу.

Пикир

Оставить комментарий