• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында кооператив тилкесинде жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр чатыры жана 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Энергетик дачасында жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Ат-Башы айылында “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мончонун жыгач устундуу тунуке жабылган 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби мештин пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушу.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында батирдин 26 чарчы метр шыбы жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыздык мамиле кылуу.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Доорот-Коргон айылындагы жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 130 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий