• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Ала-Тоо-2 конушунда жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн аянты 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфиловка айылында турак үйдүн 15,75 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында "Мерседес-бенц" үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Добо айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 55 чарчы метр үч бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында турак үйдүн 1 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1993-жылы туурган эркек киши жеңил жаракат алган. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий