• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.03.20./Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы “Ата-Түрк” эс алуу багында 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында 1 гектар камыш жана куураган чөп күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Торкент айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында Гольф-2 үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү, эки дөңгөлөгү жана салондун алдыңкы бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылында турак үйдө мештин мору жарылып күйгөн. Өрттүн себеби мешти курууда жана пайдаланууда эреженин бузулушу.

Талас облусунун Манас районундагы Чеч-Дөбө айылында турак үйүнүн короосунда 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Маймак жана Сатыкей айылдарынын ортосунда ачык аянтта 4,5 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий