• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда турак үйдүн 60 чарчы метр уктоочу бөлмөсү, үй эмеректери, 2 терезе жана 2 эшик күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 60 чарчы метр чатыры, 200 түк чөп жана 150 саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы аймактык оорукананын аймагында 4 куб метр отун, бастырманын 2 чарчы метр чатыры жана 9 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жаңы-Талап айылында короодо 2 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында короодо 500 жыйылган түк чөп жана 100 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында короодо 1600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби балдардын от менен болгон шоктугу.

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек кичирайонунда турак үйдүн аянты 50 чарчы метр бир бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 24 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий