• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 70 чарчы метр чатыры, 100 түк чөп, 2 куб метр отун жана 12 даана шифер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас шаарындагы Нуржанов көчөсүндө турак үйдүн короосунда 20 чарчы метр куураган чөп жана 2 ажааткана күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш айылында ачык аянтта 3 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айылында жыгач устундуу темир жабылган мончонун 66 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында аянты 15 чарчы метр гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында Байгелди тоосунун боорунда 11 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жыгач устундуу тунике жабылган кампанын 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарындагы Нарын дарыясынын жээгинде 35 чарчы метр таштанды жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында короодо 1 гектар кара бүлдүркөн бадалдары күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыз мамиле кылуу.

Ош облусунун Өзгөн шаарында турак үйдүн 15 чарчы метр жыгач устуну күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан турак үйдүн чатырына өтүп, 100 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Исфайран көчөсүндө жайгашкан электр карагайы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий