• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кара-Жыгач конушунда 30 чарчы метр кампа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто-Арык айылында ачык аянтта 130 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылында короодо 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында короонун ичинде 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска толкундуу чагылышы.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында батирдин ичинде үй тиричиликтери күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында турак үйдүн короосундагы 2 кабаттуу мал сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн, ошондой эле өрт жанаша жайгашкан үйдүн короосундагы мал сарайына өтүп, сарай толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий