• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.20./Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 6-кичи районунда батирдин ашкана бөлмөсүндө кир жуучу машина, ашкана эмереги жана аба сордуруучу жабдуу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы М.Ганди көчөсүндөгү “Жаштык” эс алуучу багында 1,5 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарында жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районундагы 20-хутор айылында бастырмада 3000 түк чөп күйгөн. Натыйжада өрт кошунасына өтүп, турак үйдүн бастырмасында жыйылган 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 20 чарчы метр чатыры жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинский айылында ачык аянтта 0,50 гектар камыш жана электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында жайгашкан үйдө ашкананын 15 чарчы метр ички жасалгасы, муздаткыч жана кондиционер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас шаарында Сарыгулов жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий