• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак айылында жыгач устундуу шифер жабылган салынып бүтө элек турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Талас облусунун Манас районундагы Жийде айылында ачык аянтта 450 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби токко этиятсыздык мамиле кылуу.

Мындан сырткары, Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарында ачык аянтта 0,8 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий