Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын Качкынов көчөсүндө сарайдын ичинде 18 чарчы метр эски буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде короодо 60 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында ачык аянтта 2 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий