• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/.Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы И.Ахунбаев көчөсүндө аянты 40 чарчы метр курулуш чарба толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Бишкектин Ленин районундагы Дэн Сяопин жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинде “Deu Nexia” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чагыр айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 30 чарчы метр чатыры жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу бастырманын 70 чарчы метр чатыры, 150 кг пахта жана 20 литр өсүмдүк майы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий