• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Железнодорожный көчөсүндө “Ауди 80” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаарында дүкөндүн 18 чарчы метр ички жасалгасы жана ичиндеги азык-түлүктөр толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында короодо жыйылган 100 түк саман жана 10 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булуң айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий