• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында батирдин балконунун 3 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында азык-түлүк сатуучу дүкөндүн ичинде муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында гараждын 1 чарчы менен чатыры жана 3 балкасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Тыт-Сенир айыл аймагында турак үйдүн бөлмөсүндө 6 даана төшөк күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Талас районундагы Кеңеш айылында аянты 15 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий