• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Богот айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 6 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Ош облусунун Алай районундагы Согонду айылында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 165 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп жана тиричилик шаймандары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 4 чарчы метр чатыры жана көмүр, отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Балта шаарындагы Совет көчөсүндө жыгач устундуу тунике жабылган бастырманын 50 чарчы метр чатыры, 390 түк саман жана 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Каракол шаарында жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 12 чарчы метр чатыры жана 2 кап отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий