• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кызыл-Жар айылында жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 40 чарчы метр аянты жана 150 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жыгач устундуу шифер жабылган гараждын 2 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айыл аймагынын Коммунист айылында турак үйдүн короосунда 100 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Алексеевка айылында короодо 600 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарындагы Абдрахманов көчөсүндө ачык аянтта 2000 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылында кафенин ашканасынан чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий