• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына караштуу Озгур айылында жыгач устундуу тунике жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Талас облусунун Манас районундагы Май айылында “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинское айылында жалпы аянты 210 чарчы метр вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жарык берүүчү чырак күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу.

Пикир

Оставить комментарий