• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунда тез татым тамактануу жайынын түтүн сордургучу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында ачык аянтта электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад шаарында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана мончонун жыгач устундуу темир жабылган 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Бужум айылында ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер айылында ачык аянтта 0.50 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий