• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Суткалык антирекорд. Саламаттык сактоо министринин орун басары себебин түшүндүрдү

COVID - 19 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов COVID-19 инфекциясы боюнча суткалык антирекорддун себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү статистика акыркы үч ай аралыгында катталганга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсеге көп.

"Белгиленген учурлардын бул саны лабораториялар иштебегендиктен топтолуп калды. 31-декабрда, 1-2-январда лабораториялар эс алышты. Дүйшөмбү күнү гана иштей баштады. Бүгүнкү маалыматтар бир нече күн бою топтолгон анализдердин жыйынтыгы", - деди ал.

Ошол эле учурда министрдин орун басары Кыргызстанда азырынча оорунун олуттуу өсүүсү байкалбаганын да белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Кандай болгон күндө да жарандарга санитардык эрежелерди сактоо — беткап кийүү жана колдорун жакшылап жуу сунушталат", — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 2021-жылдын 4-сентябрынан бери COVID-19 оорусунун суткалык антирекорду катталып, илдет 152 адамдан табылган.

Пикир

Оставить комментарий