• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Суу үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.18./Кабар/. Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Суу кодексине, “Суу жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1- окууда каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча КР Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору КР Суу кодексин жана “Суу жөнүндө” мыйзам ченемдерин жүзөгө ашыруу алкагында иштелип чыккан. Долбоордун максаты суу пайдалануу үчүн төлөм маселесин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардагы коллизияларды жана кемтиктерди жоюу болуп саналат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экономиканын бардык тармактарында суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүүнү мындан ары өрчүтүү, суу ресурстарын сактап калууга жана коргоого керек болгон финансылык каражаттарды түптөөгө багытталган. Суу кодексинде суу жаратылыш ресурсу катары пайдаланылгандыгы үчүн акы алуу көрсөтүлгөн. Бирок суу обьектилерине жана суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн акы алуунун тартиби менен шарттары, суу пайдалануучуларга жеңилдиктер аныкталган эмес.

Долбоор аркылуу суу пайдалануу үчүн акы төлөөдөн төмөнкүлөрдү бошотуу сунушталган:

  • Мамлекеттик жана муниципиалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бакчалар, өзгөчө коруктар, жаратылыш эстеликтери, дендралогиялык парктар менен зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу мекемелер менен уюмдар;
  • Кайра жаралуучу энергияны кошкондо сууну электр кубатын иштеп чыгууга пайдаланууда;
  • Сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды белгиленген лимиттин чегинде сугаруу максатында пайдаланууда;
  • Сууну үйдөгү малды жана короо участогун сугарууга пайдаланууда;
  • Сууну ичүүгө жана чарбалык тиричиликтеги керектөөлөр үчүн пайдаланууда;
  • Калктын суу ичүү керектөөлөрүнө суу алууда жана башкаларда.

Талкууда өндүрүш, тоокен тармагындагылара суу пайдалангандыгы үчүн милдеттүү түрдө төлөм төлөнөрү айтылды. Ал эми энергетика тармагы, чакан ГЭСтерге төлөм каралган эмес. Депутат Зиядин Жамалдинов мындай мамилеге макул эмес. Анткени, алар суу пайдалануу менен электр кубатын иштеп чыгып, сатууда.

Мындан сырткары суу пайдалануудагы суунун баасын аныктоо, лимит кантип аныкталаары, ал ким тарабынан коюлаары сыяктуу бир катар жагдайлар боюнча тактоочу маселелер көптүгү белгиленди.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлер мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо эске алынмай болду.

Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий