• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Суу эсептегичинин көрсөткүчтөрү онлайн түрдө же телефон аркылуу кабыл алынат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилип жатканына байланыштуу суу эсептегичинин көрсөткүчтөрү онлайн түрдө же телефон аркылуу кабыл алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Суунун көрсөткүчтөрүн берүү үчүн www.bishkeksuukanal.kg (voda.link.kg) сайтына кирүү керек же 0554 69 99 51 номерине SMS же WhatsApp аркылуу, 976944 номерине үн жаздыруу менен же 565671 номерине билдирсе болот.

«Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн берүүгө мүмкүндүк болбосо эсеп орточо айлык керектөө боюнча эсептелет. Кийинки айдагы көрсөткүчтөр боюнча эсепке түзөтүүлөр киргизилет», - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий