• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Суу — өмүрдүн булагы

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. 22-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнүн утурлай, биз Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) директору Бекжан Супаналиев менен сууга сарамжал мамиленин маанилүүлүгү, суу менен камсыз кылуу секторунда АРИСтин ишмердиги жөнүндө маек курдук.

Бекжан Төрөбаевич, Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнүнүн маңызы жана мааниси жөнүндө айтып берсеңиз?

— Суу күнү, өтө кызыктуу жана ар бирибиз үчүн маанилүү майрам экени талашсыз. Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы жарыяланган жана жыл сайын 22-мартта белгиленет. Анын максаты эң жөнөкөй – биздин планетада сууну өздөштүрүү жана сактоонун маанилүү маселелерине көңүлдү буруу. Учурдан пайдаланып, мен кыргызстандыктарды Суу ресурстар күнү менен куттуктагым келет!

— Белгилүү болгондой, биздин өлкө суу ресурстарына бай. Бул, сууну үнөмдөбөстөн, ал байлык түгөнүп калат деп коркпостон пайдалана берсек болот дегенди билдиреби?

— Ооба, туура айтасыз. Кыргызстан Борбордук Азиядагы дээрлик бардык суу ресурстары өзүнүн аймагында калыптандырылган негизги өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ушунун өзү биздин артыкчылык жана улуттук байлык! Дарыялардын түзүлүшүнүн негизги булагы болуп саналган Борбор Азиянын мөңгүлөрүнүн жарымына жакыны бизде жайгашкан.

Бирок сууну сөзсүз түрдө үнөмдөө зарыл. Учурда орточо кирешеси бар бир адамга күнүнө 50 литр же андан дагы көп суу туура келиши мүмкүн. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча бүгүнкү күндө жер шарындагы 700 миллиондон ашык адам ичүүчү суунун тартыштыгы шартында жашайт. Божомолдор боюнча 2025-жылы бул сан үч миллиардга чейин өсүшү мүмкүн. Анын себеби планета калкынын өсүшү, климаттын өзгөрүшү, анын натыйжасында суу ресурстарынын азайышы болуп саналат. Ошондуктан ичүүчү сууну жаратылыштын түгөнгүс жана акысыз белеги катары кабыл алган мезгил эбак эле өтүп кеткен. Суу экономикада алтын же мунай зат сыяктуу эле чийки зат. Демек, айрым жарандардын ичүүчү сууну керектөөгө карата аң-сезимин өзгөртүү жана анын чыгымын жөнгө салуу зарыл. Дал ошондуктан, сууну үнөмдөөнү бүгүнтөн эле баштоо керек.

— Белгилүү болгондой, АРИС суу менен камсыз кылуу боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырат. Уюмдун бул чөйрөдөгү ишмердиги жөнүндө айтып берсеңиз?

— Бүгүнкү күндө Кыргыз өкмөтү өзүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда ишенимдүү иштеген системаны түзүүнү белгилеп жатат. Алсак, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү Стратегиясы иштелип чыккан. Кийинчирээк бул Стратегия Мамлекеттик программага актуалдаштырылган. Калктын суудагы муктаждыктарын канааттандыруу үчүн мамлекет бүткүл республика боюнча суу менен камсыз кылуу секторуна инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда.

Өз кезегинде АРИСтин алдында 2025-жылга карата 208 айылды жана 2 шаарды толугу менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу милдети турат. Бул милдетти биз Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду сыяктуу донорлордун колдоосу менен ишке ашырабыз. Бул жылы биз 36 айылда жана 1 шаарда суу менен камсыз кылуу системаларын бүтүрүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле биз суу менен камсыз кылуу системасынын туруктуулугун сактоо үчүн сектордун институционалдык дараметин чыңдоодо колдоо көрсөтөбүз. Бул үчүн ар бир айыл өкмөтүндө муниципалдык ишканалар түзүлүп жатат, алардын негизги максаты болуп айылдык аймактагы калкка, ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге ичүүчү сууну жабдуу жана саркынды суу тармактары боюнча кызматтарды көрсөтүү саналат. Мындан тышкары, биз социалдык мекемелерде санитардык курулмаларды модернизациялоо, аларды жакшыртуу үчүн үй чарбаларына субсидияларды берүүнү ишке ашыруудабыз. Биздин адистер санитария жана гигиена маселелери боюнча максаттуу айылдардын тургундары үчүн тренингдерди өткөрүп, айылдын ден соолук комитеттери менен кызматташат.

Биз калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууда АРИСтин алдында коюлган бардык милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууга умтулабыз.

Пикир

Оставить комментарий